Ташкент, 16.09.25. /Кабар/. Өзбекстан алтын өндүрүү боюнча дүйнөнүн алдыңкы он өлкөсүнүн катарына кирди. Дүйнөлүк алтын кеңешинин (WGC) маалыматына ылайык, 2024-жылы өлкөдө 129 тонна баалуу металл өндүрүлүп, бул жалпы дүйнөлүк көлөмдүн 3,5 пайызын түзгөн.
Өткөн жылы дүйнөдө 3661 тонна алтын өндүрүлүп, бул көрсөткүч 2023-жылга салыштырмалуу 0,5 пайызга өскөн.
Алтын өндүрүүдө Кытай (380 тонна), Россия (330 тонна), Австралия (284 тонна), Канада (202 тонна) жана АКШ (158 тонна) алдыңкы орундарды ээлешкен.
Маалыматка ылайык, алтындын башкы керектөөчүсү зер буюмдар тармагы бойдон калууда. 2024-жылы бул тармак 2003,5 тонна алтын колдонгон, бул өткөн жылга салыштырмалуу 9 пайызга аз. Ошол эле учурда дүйнөлүк суроо-талап 11 пайызга төмөндөп, 1877,1 тоннаны түзгөн.
Баалардын өсүшүнө карабастан, зер буюмдарга кеткен каржылар 9 пайызга көбөйүп, 144 миллиард долларга жеткен.