Өзбекстан дипломдорду өз ара таануу боюнча эл аралык конвенцияга кошулду

Борбор Азия Загрузка... 13 Ноябрь 2025 17:53
P_13_0 (1).jpg

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 13.11.25. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Жогорку билим берүү тармагындагы квалификацияларды таануу боюнча Глобалдык конвенцияны ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол койду. Конвенция 2019-жылдын 25-ноябрында Парижде кабыл алынган жана БУУ системасында жогорку билим берүү боюнча кабыл алынган алгачкы эл аралык келишим болуп саналат.

Маалыматка ылайык, документ ар кайсы өлкөлөрдө алынган дипломдорду, сертификаттарды жана башка билим берүү документтерин таанууну жөнөкөйлөтүүгө, ошондой эле алардын адилеттүү жана ачык бааланышын камсыздоого багытталган. Конвенция билим берүү системаларынын өз ара интеграциясын күчөтүп, эл аралык академиялык жана кесиптик таануунун бирдиктүү принциптерин белгилейт.

Анын ишке кириши студенттердин, окутуучулардын жана изилдөөчүлөрдүн эркин жүрүп-туруу жана чет элдик билим берүү мекемелерине тапшыруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. Ошондой эле өзбекстандык дипломдорду чет өлкөлөрдө таануу, ошондой эле чет өлкөлөрдө берилген квалификацияларды өлкө ичинде кабыл алуу процесси да жеңилдей турганы белгиленет.

Эксперттер конвенциянын ратификацияланышын Өзбекстандын жогорку билим берүү системасын эл аралык стандарттарга жакындатууга, академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүүгө жана билим берүү жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган маанилүү кадам катары баалап жатышат.