Ташкент, 06.08.25. /Кабар/. Түркмөнстандын «Аваза» туристтик аймагында өткөн Парламенттик форумда Өзбекстандын делегациясы деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өлкөлөр үчүн маанилүү демилгелерди көтөрдү, деп маалымдайт өлкө Сенатынын басма сөз кызматы.
Сенат төрайымы Танзила Нарбаева деңизге түз чыга албаган мамлекеттерде сырткы соода жана логистика багытында олуттуу тоскоолдуктар бар экенин белгиледи.
Форумда Өзбекстан Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Кытай менен ишке ашырып жаткан транспорттук долбоорлор, анын ичинде Трансафган темир жол коридору тааныштырылды.
Мындан тышкары, парламенттер ортосунда туруктуу диалог түзүү, “жашыл” логистика, санариптик чечимдер жана илимий кызматташтыкты өнүктүрүү сунушталды.
Серепчилердин баамында, бул демилгелер Борбор Азиядагы аймактык кызматташтыкты бекемдөөгө зор өбөлгө болот.