Өзбекстан чет өлкөлөрдөгү этникалык өзбектер үчүн ЖОЖго окууга грант бөлдү

Борбор Азия Загрузка... 22 Июль 2025 09:10
WhatsApp Image 2025-07-22 at 07.46.17.jpeg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 22.07.25. /Кабар/. Өзбекстан чет өлкөлөрдө жашап жатышкан жаш этникалык өзбектер үчүн 30 окуу грантын бөлөт. Бул тууралуу өлкөнүн Жогорку билим берүү, илим жана инновациялар министрлиги маалымдады.

Мындан тышкары, төмөнкү багыттар боюнча кошумча гранттар каралган:

  • 1 320 грант — Өзбекстандын аймагындагы чет элдик ЖОЖдордун филиалдары жана жеке менчик университеттер үчүн;
  • 4 000 грант — үй-бүлө жана аялдар маселелери боюнча комитет менен биргеликте аялдар үчүн.

2025-2026-окуу жылында Өзбекстанда күндүзгү бөлүмдүн бакалавриатына 35 500 орун, ал эми магистратурага 9 922 орун бөлүнөт. Ал эми кийинки жылдары бул сандар акырындык менен көбөйөт.

Буга чейин Кыргызстан Өзбекстанда жашаган этникалык кыргыз жаштары үчүн 30 грант бөлгөнү кабарланган болчу.