Өзбекстан үч айдан бери алтын базарында алдыңкы сапта

Борбор Азия Загрузка... 04 Июнь 2025 09:45
R_04.jpg

Ташкент, 04.06.25. /Кабар/. Өзбекстан үчүнчү ай катары менен дүйнөдө эң көп алтын саткан өлкө бойдон калууда. Бул тууралуу Дүйнөлүк алтын кеңеши маалымдады.

Ага ылайык, Өзбекстандын Борбордук банкы апрель айында 11 тонна алтын сатып, жыл башынан берки таза сатуу көлөмүн 26 тоннага жеткирди — бул дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүч.

2025-жылдын апрелинде дүйнө боюнча борбордук банктар жалпы 12 тонна алтын сатып алышкан. Эң ири сатып алуучу — Польша 12 тонна. Андан кийин Чехия 3 тонна, Кытай, Түркия жана Кыргызстан ар бири 2 тоннадан, ошондой эле Казакстан менен Иордания ар бири 1 тоннадан.

Алтын сатылганына карабастан, Өзбекстандын эл аралык резервдери өсүүдө. Апрель айында жалпы резерв $49 миллиарддан ашып, анын ичинде 11,5 миллион унция алтын сакталууда.