Өзбекстан биринчи космонавтын космоско жөнөтүүгө даярдык көрө баштады

Борбор Азия Загрузка... 29 Декабрь 2025 10:55
p_29_.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 29.12.25. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев парламентке жана элге жасаган кайрылуусунда мамлекет эгемендик алгандан бери алгач ирет жасалма жер спутнигин учуруу жана өлкөнүн биринчи космонавтын — республиканын жаранын даярдоо боюнча практикалык иштер башталганын билдирди.

Мамлекет башчысы бул кадам илимий-технологиялык өнүгүүгө олуттуу түрткү берип, өлкөнү прогресстин жаңы баскычына алып чыгарын белгиледи.

Ошондой эле санариптик инфраструктураны кеңейтүү боюнча ири пландар жарыяланды. Кийинки жылы Ташкент шаарында, Бухара жана Фергана облустарында, ошондой эле Ташкент облусунда төрт дата-борбор жана эки суперкомпьютер ишке киргизилип, 15 жогорку окуу жайында жасалма интеллект лабораториялары ачылат.

Адистердин баамында, бул мүмкүнчүлүктөр медицина, транспорт, айыл чарба, геология, каржы сектору жана коомдук коопсуздук багыттарында жасалма интеллект боюнча 100дөн ашуун долбоорду ишке ашырууга шарт түзөт. Президент бул демилгелер Өзбекстандын адамдык капиталын өнүктүрүүгө жана инновациялык келечегине багытталган узак мөөнөттүү инвестиция экенин баса белгиледи.