Ташкент, 29.05.25. /Кабар/. Өзбекстан балдарга карата зомбулукту жоюу боюнча глобалдык «Богота чакырыгы» демилгесине кошулуп, Улуттук милдеттенмесин жарыялады. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин Ташкенттеги өкүлчүлүгү билдирди.
ЮНИСЕФтин аткаруучу директору Кэтрин Рассел Өзбекстандын бул кадамын жоопкерчиликтин жана өзгөрүүлөргө умтулуунун күчтүү белгиси катары баалады:
«Өзбекстандын бул багытта алдыңкы өлкө болууга умтулуусу — балдар үчүн чыныгы өзгөрүүлөргө жетишүү ниетин көрсөтөт», — деп белгиледи ал.
Бул чечим акыркы эки жыл ичинде өлкөдө балдарды коргоо жаатында жүргүзүлүп жаткан укуктук жана институттук реформалардын уландысы болуп саналат. Реформалардын негизги кадамы — быйыл 15-майда күчүнө кирген «Балдарды бардык зомбулук түрлөрүнөн коргоо жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынышы болду.
Учурда өлкөдө 2025–2035-жылдарды камтыган көп тармактуу стратегия жана улуттук аракеттер планы иштелип чыгууда. Алар балдарга карата зомбулуктун алдын алуу жана ага ыкчам жооп кайтарууга багытталат.
Мындан тышкары, Өзбекстан Борбор Азия мамлекеттерин биргелешип иш алып барып, балдарга карата зомбулукту жоюу үчүн күч-аракеттерди бириктирүүгө чакырды.
Иш-чаранын алкагында көп тармактуу стратегия жана балдарды коргоо боюнча улуттук аракеттер планы сунушталып, «Haqqim bor» («Менин укугум бар») аттуу социалдык тасма көрсөтүлдү. Ошондой эле Улуттук милдеттенмелерге расмий түрдө кол коюу аземи өткөрүлдү.