Өзбекстан АСЕАН келишимине кошулду

Борбор Азия Загрузка... 25 Ноябрь 2025 12:55
region_515a2d463b.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 25.11.25. /Кабар/. Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттер ассоциациясына (АСЕАН) мүчө мамлекеттер Өзбекстандын АСЕАН алкагындагы Түштүк-Чыгыш Азиядагы достук жана кызматташтык жөнүндө келишимге кошулуу боюнча арызын жактырышты. Бул тууралуу «Дунё» маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, келишимге кошулуу демилгеси Өзбекстан президенти тарабынан көтөрүлүп, бир жылга жакын даярдык жана сүйлөшүүлөр жүргөн. Малайзиянын төрагалыгы астында Куала-Лумпурда өткөн АСЕАН тышкы иштер министрлеринин жыйынында бул демилге расмий колдоого алынган.

Түштүк-Чыгыш Азиядагы достук жана кызматташтык жөнүндө келишим 1976-жылы 24-февралда Индонезиянын Бали шаарында кабыл алынган. Документ АСЕАН мейкиндигиндеги кызматташуунун негизги принциптерин аныктаган маанилүү эл аралык келишим болуп саналат. Бүгүнкү күндө АСЕАН аймагы 11 өлкөнү камтып, калкы 700 миллиондой адамды түзөт.

Өзбекстандын бул келишимге кошулуусу өлкө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачары белгиленүүдө.

"Ал мамлекеттер аралык («G2G») кызматташууну кеңейтүүгө, соода-экономикалык жана инвестициялык байланышты активдештирүүгө, ошондой эле ири чет элдик компаниялардын ишенимин күчөтүүгө өбөлгө болот", - деп айтылат маалыматта.