Өзбекстан алтын сатып алуу боюнча дүйнөдө алдыга чыкты

Борбор Азия Загрузка... 08 Август 2025 13:50
a_08_.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 08.08.25. /Кабар/. Июнь айында Өзбекстандын Борбордук банкы дүйнөдөгү борбордук банктардын ичинен эң көп алтын сатып алды. Бул тууралуу Дүйнөлүк алтын кеңеши маалымдады.

Жалпысынан июнь ичинде дүйнө боюнча борбордук банктар 22 тонна алтын сатып алышкан. Бул акыркы үч айда алтынга болгон суроо-талаптын туруктуу өсүп жатканын көрсөтөт.

Өзбекстан 9 тонна алтын сатып алып, тизмеде биринчи орунга чыкты. Казакстандын Улуттук банкы 7 тонна менен экинчи болду.

Андан кийинки орундарды Кытай, Чехия жана Түркия (ар бири 2 тоннадан), ошондой эле Катар, Гана, Кыргызстан жана Филиппин (ар бири 1 тоннадан) ээледи.