Ташкент, 05.11.25. /Кабар/. 2026-жылдын 1-январынан тарта Америка Кошмо Штаттарынын жарандары Өзбекстанга визасыз кирип, өлкөдө 30 күнгө чейин жүрө алышат. Бул тууралуу тиешелүү жарлыкка президент Шавкат Мирзиёев 3-ноябрда кол койгонун UZA агенттиги маалымдады.
Жарлыкта белгиленгендей, бул чечим эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө, ошондой эле туристтик алмашууну кеңейтүүгө багытталган.
Мурда мындай мүмкүнчүлүк 2021-жылдан бери 55 жаштан жогору болгон АКШ жарандарына гана, туристтик максатта Өзбекстанга келген учурда берилчү.
Быйыл май айында президент Мирзиёев Өзбекстандын жарандарына АКШга чыгуу үчүн визалык тартипти жөнөкөйлөтүү маселесин талкуулоо боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоону Тышкы иштер министрлигине тапшырган.