Ташкент, 24.06.25. /Кабар/. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Өзбекстан АКШнын B1/B2 категориясындагы визалары (туристтик жана иш сапарлар үчүн) боюнча баш тартуу көрсөткүчү эң жогору болгон Борбор Азия өлкөсү катары катталды. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин расмий маалыматында жарыяланды.
Ага ылайык, визага кайрылган өзбекстандыктардын 64,41 пайызына уруксат берилген эмес.
Экинчи орунда Түркмөнстан турат — анда баш тартуу деңгээли 58,80% түзгөн. Андан кийин Казакстан (46,29%), Тажикстан (45,24%) жана Кыргызстан (39,14%) орун алат.
Адистер мындай көрсөткүчтөр Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандарына карата визалык мамиле айырмаланарын көрсөтөрүн белгилешүүдө.