Өзбекстан 2030-жылга чейин IT-экспортун 5 млрд долларга жеткирүүнү көздөөдө

Борбор Азия Загрузка... 24 Июнь 2025 16:41
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Самарканд, 24.06.25. /Кабар/. Өзбекстан 2030-жылга чейин маалыматтык технологиялар багытындагы кызматтарды экспорттоонун көлөмүн 5 млрд долларга жеткирүүнү максат кылууда. Бул тууралуу өлкөнүн санариптик технологиялар министри Шерзод Шерматов Самаркандда өтүп жаткан БУУнун мамлекеттик кызматтар боюнча форумунда билдирди.

Анын айтымында, бул максатты ишке ашырууда Самарканд декларациясы маанилүү роль ойнойт. “Бул документ санариптик трансформация, инновациялар жана маалыматтарды жоопкерчилик менен колдонуу аркылуу туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүнү тездетүүгө багытталган”, — деди министр.

X_24.webp

Декларацияда жети негизги багыт белгиленген: мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү, жасалма интеллект сыяктуу жаңы технологияларды киргизүү, ишенимдүү маалымат башкаруу, жарандардын кеңири катмарына жеткиликтүүлүк камсыздоо, киберкоопсуздук, климаттык туруктуулук жана глобалдык кызматташтык.

Министрдин маалыматына ылайык, Өзбекстан Бириккен Араб Эмираттары менен биргеликте "Бир миллион программист" долбоорун ишке ашырууда. Ошондой эле кубаттуулугу 500 МВттан ашкан 20 маалыматтык борборду куруу пландалууда. Бул долбоорлор жеке инвесторлордун колдоосу менен жүзөгө ашырылууда.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Өзбекстанда 208 мамлекеттик кызмат көрсөтүү борбору иштеп жатат. Бирдиктүү санарип портал аркылуу 760тан ашык онлайн-кызмат жеткиликтүү. Күн сайын бул платформа аркылуу 12 миллионго чейин маалыматтык сурамдар иштелип чыгат.