Ташкент, 02.12.25. /Кабар/. Өзбекстан 2030-жылга чейин экспорт көлөмүн 45 млрд долларга жеткирүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатуу жана ишкерлердин мамлекеттик кызматтарга жетүүсүн жеңилдетүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тааныштыруу жыйынында айтылды, деп билдирет Өзбекстан президентинин басма сөз кызматы.
Жыйында дүйнөлүк рынокто суроо-талап жогору болгон товарлар жана келечектүү тармактар аныкталды. Курулуш материалдары, жеңил өнөр жай, электротехника, кайра иштетүү, химия, машина куруу жана металлургияда олуттуу өсүш резервдери бар экени белгиленди. Ошондой эле экспортту кеңейтүү үчүн негизги рыноктор менен соода-экономикалык кызматташууну күчөтүү жана чек ара өткөрмө пункттарынын инфраструктурасын жакшыртуу зарыл экени баса белгиленди.
Ишкерлер ондогон мекемелерге кайрылып, көп сандагы документтерди даярдоого мажбур болуп жатканы айтылды. Мисалы, эт өндүрүү ишканасын ачуу үчүн 10 мекемеде 17 процедурадан өтүү талап кылынат. Бул көйгөйдү чечүү максатында мамлекеттик жана жеке кызматтарды бир жерден көрсөтө турган “Бизнес хамрох” (Бизнес өнөктөш) борборлорун түзүү сунушталды.
Президент демилгени колдоп, түзүлө турган борборлор ишкердикти толук колдоо циклин — ишкананы каттоодон тартып, анын ишмердигин уюштурууга, продукцияны сатууга жана экспортко чыгарууга чейинки бардык этаптарды камтышы керектигин белгиледи. Бүгүнкү күндө 81 мамлекеттик орган ишкерлерге 739 кызмат түрүн көрсөтүп келет.