Өзбекстан менен Венгрия 1,5 млрд евролук долбоорлорду ишке ашырат

Борбор Азия Загрузка... 21 Май 2025 15:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 21.05.25. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан расмий сапардын алкагында Будапешт шаарында жолугуп, кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин түзүү жөнүндө Биргелешкен декларацияга кол коюшту.

Тараптар транспорт, логистика, санариптик технологиялар, текстиль жана химия өнөр жайы, фармацевтика жана аквакультура тармактарында биргелешкен жаңы долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Айрыкча транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү жана түз аба каттамдарын ачуу маселелерине көңүл бурулду.

Биринчилерден болуп, эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнү 500 миллион еврого жеткирүү макулдашылды. Учурдагы 500 миллион долларлык инвестициялык долбоорлордон тышкары, кошумча 1,5 миллиард еврого жаңы келишимдер даярдалды.

Мындан сырткары Stipendium Hungaricum программасы боюнча алмашуулар, кош диплом берүү системасын киргизүү жана венгриялык жогорку окуу жайларынын филиалдарын Өзбекстанда ачуу мүмкүнчүлүктөрү каралууда. Ошондой эле быйыл Ташкент шаарында үчүнчү өзбек-венгр ректорлор форумун өткөрүү сунушталды.

Келерки жылды Өзбекстан менен Венгриянын маданият жылы деп жарыялоо демилгеси колдоо таап, мунун алкагында өткөн жылы Лакителек шаарында улуу акын Алишер Навоийдин айкели орнотулса, быйыл январда Будапештте өзбек кино күндөрү өткөрүлдү.

Мындан сырткары, тараптар экстрадиция, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү, табигый кырсыктарды башкаруу, илим жана инновациялар, тынч атом энергиясы боюнча өкмөттөр аралык жана мекемелер аралык бир катар макулдашууларга да кол коюшту.