Ташкент, 01.05.25. /Кабар/. Өзбекстан Улуттук университетинин профессору, философия илимдеринин доктору Нигина Шермухамедова Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык академиянын ардактуу академиги болуп шайланды.
Бул жогорку наам ага Кыргызстандын билим берүү тармагындагы жаш кадрлардын илимий мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө кошкон салымы жана эки өлкөнүн окумуштууларынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого активдүү катышканы үчүн ыйгарылды.
Сыйлык тапшыруу аземи 2025-жылдын 26–27-апрелинде Хива шаарында өткөн Түрк мамлекеттеринин маданият форумунун алкагында уюштурулган эл аралык конференцияда болуп өттү.
Чыңгыз Айтматов медалы жана академиянын ардактуу мүчөлүк диплому профессор Шермухамедовага академиянын президенти, көрүнүктүү кыргыз окумуштуусу, академик Абдылдажан Акматалиев тарабынан салтанаттуу түрдө тапшырылды.
Нигина Шермухамедова — көп жылдан бери түрк элдеринин маданий жана илимий кызматташтыгын өнүктүрүүгө салым кошуп келе жаткан белгилүү окумуштуу. Анын илимий ишмердүүлүгү, айрыкча, кыргыз-өзбек илимий байланыштарын бекемдөөгө багытталган.
Бул сыйлык түрк дүйнөсүндөгү илимий кызматташтыкты чыңдоонун жана Чыңгыз Айтматовдун гуманисттик мурасын даңазалоонун дагы бир жаркын далили катары бааланууда.