Баткен музыкалык-драма театрына 20 жыл толду

Маданият
Баткен музыкалык-драма театрына 20 жыл толду

Бишкек, 16.11.26. /Кабар/. Апас Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык-драма театрынын түптөлгөнүнө 20 жыл толду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, бул маараке Кыргыз профессионал театрынын 100 жылдыгы менен катар белгиленүүдө.

Иш-чаранын жүрүшүндө театрдын 20 жылдык чыгармачылык тарыхына баа берилип, анын түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө салым кошкон ардагерлердин, ошондой эле учурда эмгектенип жаткан чыгармачыл жамааттын ишмердүүлүгү белгиленди.

Бүгүнкү күндө театр көрүнүктүү ырчы, Кыргыз эл артисти Апас Жайнаковдун ысмын алып жүрүп, дүйнөлүк классикадан тартып улуттук драматургияга чейинки ар түрдүү жанрдагы чыгармаларды сахналаштырып келет.

Мындан тышкары, театрдын чыгармачыл жамааты жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө өткөн фестивалдарга, гастролдорго катышып, кыргыз театр өнөрүн эл аралык деңгээлде таанытууга салым кошууда.