Бишкек, 05.08.26. /Кабар/. Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду аймактардын экономикалык өнүгүүсүн колдоо максатында өнөр жай, инфраструктура жана өндүрүштүк кооперация багытындагы долбоорлорду каржылоону улантууда.
Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күнгө карата фонд тарабынан жалпы наркы 100,5 млн долларды түзгөн 37 долбоор жактырылды. Анын ичинен 61,2 млн доллар фонддун каражаттарынын эсебинен каржыланган.
"Ишке ашырылып жаткан долбоорлордун натыйжасында Кыргызстанда 883 жаңы жумуш орду түзүлүп, 367 даана атайын жана коммерциялык техника жеткирилди", - деп айтылат маалыматта.
Фонд текстиль өнөр жайы, энергетика, логистика, өндүрүш, муниципалдык инфраструктура жана коомдук транспортту жаңылоо багытындагы долбоорлорду колдоп келет.
Белгиленгендей, ишке ашырылган долбоорлордун негизинде Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы өз ара товар жүгүртүү 40 млн долларга көбөйгөн.