Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду $100 млн ашык суммадагы долбоорлорду ишке ашырды

Экономика Жүктөлүүдө... 28 Июль 2026 18:10
WhatsApp Image 2026-07-28 at 18.04.06.jpeg
copyright icon Кабар

Бишкек, 28.07.26. /Кабар/. Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду 4 жылдык ишмердүүлүгүнүн ичинде экономиканын ар түрдүү тармактарындагы жалпы суммасы 100 млн доллардан ашкан 37 долбоорду бекитти. Бул тууралуу rыргыз-өзбек бизнес-форумунда “Кабар” агенттигине Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду башкармалыгынын төрагасы Азиз Аалиев билдирди.

Анын айтымында, каржыланган долбоорлордун арасында энергетика, транспорт тармагы, социалдык сектор, техника жеткирүү, тигүү ишканаларын каржылоо, ошондой эле Өзбекстандан жана башка өлкөлөрдөн Кыргызстанга керектүү комплектациялоочу жабдууларды жеткирүү багытындагы демилгелер бар.

“37 долбоордун ичинен 9у ийгиликтүү аяктады. Биз аларды толугу менен жыйынтыктадык. Компаниялар бизге насыянын бардык суммасын төлөп беришти жана өз долбоорлорун ишке ашырышты”, — деп белгиледи фонддун жетекчиси.

Ал учурда фонд жалпы суммасы болжол менен 100 млн долларды түзгөн дагы 11 жаңы долбоорду иштеп чыгып жатканын билдирди.

Кыргыз-өзбек бизнес-форумунун мааниси тууралуу айтып жатып, Азиз Аалиев мындай жолугушуулар жыл сайын өтүүчү салттуу форматка айланганын белгиледи. Анын айтымында, мындай иш-чаралар эки өлкөнүн ишкерлерине жаңы өнөктөштөрдү табууга, биргелешкен долбоорлорду ишке киргизүүгө жана каржылоого жетүүгө мүмкүнчүлүк берет.

“Бүгүнкү Өзбекстан менен Кыргызстандын бизнес-форуму — жаңы долбоорлорду ишке ашырууну, каржылоо тартууну жана келечектүү багыттарды ачууну пландап жаткан ишкерлер үчүн натыйжалуу аянтча болуп саналат. Форум биринчи кезекте байланыштарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун милдети — эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүн бириктирүү, өз ара пайдалуу экспорттук-импорттук долбоорлорду табуу жана соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо”, — деди ал.

Азиз Аалиев ошондой эле фонд улуттук валюталардын эсебинен каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү пландап жатканын билдирди.

“Учурда биз каржылоону доллар менен жүргүзүп жатабыз, бирок жакында улуттук валютада да каржылаганга уруксат алдык. Бул ишкерлерибиз үчүн ыңгайлуу шарт түзөт, анткени доллар менен иштегенде дайыма валюталык тобокелдик болот”, — деп белгиледи Азиз Аалиев.

Ал ошондой эле уюм ислам принциптерине ылайык насыя берүү системасын киргизүүгө өтүп жатканын маалымдады.