Заманбап башкарууга карай чечкиндүү кадам: Дебюрократизация иштери уланууда

Коом Загрузка... 04 Июль 2025 19:52
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 4.07.25 /Кабар/. Мамлекеттик аппаратты дебюрократиялаштыруу - мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга жана экономикалык өнүгүүнү стимулдаштырууга өбөлгө түзө турган маанилүү фактор болуп саналат. Бул процесстерди ийгиликтүү ишке ашыруу мамлекеттик башкаруунун ыкчамдыгын арттырып, жарандардын мамлекеттик органдарга болгон ишенимин бекемдейт.

Ушул максаттарды көздөп, быйылкы жылдын март айында Кыргызстан дагы дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнүн тажрыйбасына таянып, мамлекеттик башкаруу системасын жөнөкөйлөтүүгө багытталган жаңы реформалык кадамын таштады. Тактап айтканда, “Мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” президенттин жарлыгына кол коюлуп, өлкөдө аталган ишти трансформациялоонун жаңы этабы башталды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жогоруда аталган жарлыкка байланышкан жыйында “Бул жөн гана демилге эмес, өлкөнүн өнүгүү процесстерин ылдамдатууга багытталган маанилүү кадам. Биздин негизги милдет — реформаларга тоскоол болгон механизмдерди жоюу”, - деп мүнөздөдү.

Муну утурлай Мамлекеттик аппаратты жеңилдетүү боюнча иш-аракеттер ылдам жүрүп, төмөнкү негизги реформалар ишке киргизиле баштады: кайталанма структураларды жоюу, ашыкча укуктук жөнгө салууларды кыскартуу, мамлекеттик кызматтарды автоматташтыруу, айрым мамлекеттик функцияларды жеке секторго өткөрүү жана башкаруу чечимдерин тездетүү менен чыгымдарды азайтуу.

Бул иштердин жүрүшү тууралуу кеңири маалымат берип жатып, КР президентине караштуу Улуттук стратегиялык демилгелер институтунун директору Аяз Баетов дебюрократиялаштыруу багытында иштер жасалып жатканына үч ай толгонун белгиледи.

“Алдыдагы үч айда дагы маанилүү милдеттер аткарылышы керек”, - деди ал.

“Бул аралыкта бир катар олуттуу жана комплекстүү иштер жасалды. Тактап айтканда, ар бир күнү кайсы бир мамлекеттик органдын бул же тигил документи санариптештирилип жатканы тууралуу маалыматтар түшүп жатты. Бирок дебюрократиялаштыруу – болгону бар нерсени жоюп салуу менен гана чектелбейт. Бул эң оболу, ага альтернативалуу жолдорду табуу менен коштолушу керек. Андыктан, бул – тактыкты, тыкыр талдоону жана талыкпаган эмгекти талап кылган татаал процесс”, – деди Баетов.

Ошондой эле директор белгилегендей, мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо – заман талабы. “Кыргызстанда мамлекеттик органдардын иш алып баруу ыкмалары, иш жүргүзүү механизмдери 20-30 жыл кандай болсо ошол боюнча калыптанып калган. Бул система негизинен коомдук мамилелердин эски модели болуп саналат. Бирок бүгүнкү күндө биз өзгөрүүдөн, реформалардан коркпошубуз керек. Мамлекеттик башкаруу системасы заманбап, ыкчам, санариптештирилген жана жарандар менен активдүү кайтарым байланыш орното алган натыйжалуу механизмдерди талап кылат”, - деди ал.

Баетовдун айтымында заманбап, атаандаштыкка жөндөмдүү жана натыйжалуу мамлекет болуу үчүн ар бир мамлекеттик орган өзүнүн ишмердүүлүгүн заман талабына ылайыкташтырып, облустук жана райондук өкүлчүлүктөрүнүн зарылдыгын кайра карап чыгышы керек.

“Биз - унитардык мамлекетпиз жана ар бир аймактык башкаруу органы мамлекеттик башкаруу системасына кошумча жүк алып келбеши, тескерисинче, натыйжалуулукту арттырууга кызмат кылышы керек. Бул жагынан алганда Улуттук статистика комитети мыкты үлгү көрсөттү. Ал 30-июнь күнү министрлер кабинетинин токтому чыгып, анын негизинде мекеме улуттук жана райондук деңгээлдеги 100 кызматкерин кыскартты. Андагы калган каражаттар комитеттин эле өзүнө, атап айтканда кызматкерлерине жумшалат”, - деди ал.