Бишкек, 25.09.25 /Кабар/. 1-октябрдан тарта Кыргызстанда нотариалдык кызмат көрсөтүүнүн жаңы форматы иштей баштайт.
Юстиция министрлигинен билдиришкендей, анда айрым нотариалдык аракеттерди алыстан аткаруу мүмкүнчүлүгү пайда болот.
Ага ылайык, эми жарандар жана юридикалык жактар нотариуска барбастан эле бир катар процедураларды онлайн тартипте аткара алышат.
Сөз эң көп талап кылынган төмөнкү аракеттер жөнүндө жүрүүдө:
- ата-энелердин макулдугун күбөлөндүрү;
- ата-энелердин, асырап алуучулардын, камкорчулардын жеке көзөмөлчүлөрдүн жашы жете электерди Кыргызстандын чегинен чыгарып кетүүгө макулдугун күбөлөндүрүү;
- жашаган жери боюнча каттоого макулдукту күбөлөндүрүү;
- паспорт алууга макулдукту күбөлөндүрүү;
- Кыргызстандын жарандыгын алуу же андан чыгууга макулдукту күбөлөндүрүү;
- мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо агенттигинен маалымкаттар менен документтерди алуу үчүн ишеним катты күбөлөндүрүү (четтетүү укугусуз);
- мамлекеттик бажы кызматында жүктөрдү бажыдан өткөрүү үчүн ишеним катты күбөлөндүрүү (четтетүү укугусуз).
Маанилүү өзгөчөлүгү кызматтар өлкөнүн ичинде гана эмес, чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктар үчүн да жеткиликтүү болот. Бул чечим дүйнөнүн каалаган жеринен юридикалык күчкө ээ документтерди алууга жол ачат.
Алыстан нотариалдык аракеттерди жүргүзүүнүн башталышы нотариат тармагындагы системалуу реформанын бир бөлүгү.
Юстиция министрлиги процесстерди санариптештирүүгө жана жөнөкөйлөтүүгө басым жасап, кызматтарды мүмкүн болушунча ыңгайлуу жана ачык кылууну максат кылууда.