Юстиция министрлигинде мыйзамдарды инвентаризациялоо боюнча жыйын өттү

Коом Загрузка... 11 Июль 2025 13:01
32a22d7d-b7fe-4f06-b72c-b9385333c049.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 11.07.25 /Кабар/. Күн мурун Юстиция министрлигинде мыйзамдарды нормативдик дебюрократизациялоо максатында системалуу инвентаризация жүргүзүү боюнча мекемелер аралык эксперттик топтун алгачкы жыйыны өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, бул топ КР президентинин жарлыгына ылайык министрлер кабинети тарабынан түзүлгөн.

Министр Аяз Баетов жетекчилиги астында өткөн жыйынга министрликтер менен ведомстволордун жетекчилеринин орун басарлары катышты.

Эксперттик топтун негизги максаты – мыйзамдар менен укуктук актыларды ашыкча, эскирген же кайталанган жоболор боюнча системалуу талдоо жүргүзүү жана аларды жөнөкөйлөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу. Жыйында инвентаризацияга тийиштүү актыларды тандоо критерийлери, талдоо ыкмалары жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү механизмдери талкууланды.

Юстиция министрлиги бул комиссиянын ишин координациялап, ай сайын жүргүзүлгөн иштер боюнча отчетторду КР президентинин администрациясына тапшырып турат.

Мекемелер аралык топтун иши мамлекеттик жөнгө салууну ачыгыраак, түшүнүктүүрөөк жана натыйжалуураак кылууга, ошондой эле жарандар менен ишкерлерге болгон административдик жүктү азайтууга багытталган.