Бишкек, 10.09.25. /Кабар/. Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) маалыматына караганда, азыр дүйнөдө балдар менен өспүрүмдөр арасында семирүү (ашыкча салмак) жетишсиз салмакка караганда көбүрөөк кездешет.
"2025-жылы тарыхый бурулуш болду: дүйнө жүзү боюнча 5–19 жаштагы балдар менен өспүрүмдөрдүн ичиндеги семиздиктин деңгээли биринчи жолу аз салмактуулуктан ашып кетти (9,4 % семиздикке каршы 9,2 % аз салмактуулук)", – деп айтылат «Пайда үчүн тамак-аш» аттуу отчеттун материалдарында.
Ошондой эле «ашыкча салмактын глобалдык толкуну» «планетанын ар бир аймагындагы» балдарга жана өспүрүмдөргө таасирин тийгизип жатканы белгиленген.
19 жашка чейинки балдар жана өспүрүмдөр арасында ашыкча салмактын эң көп таралган аймактары Латын Америкасы, Кариб деңизи, Жакынкы Чыгыш, Түндүк Африка жана Түндүк Америка болуп саналат.
Фонд ошондой эле кылымдын башынан бери ашыкча салмагы бар балдар менен өспүрүмдөрдүн (5-19 жаштагы) саны «эки эсеге - 194 миллиондон 391 миллионго чейин көбөйгөнүн» белгиледи.
Ашыкча салмактын эң чоң өсүшү кирешеси төмөн жана орто мамлекеттерде байкалат.