ЮНИДО Кыргызстандын индустриализациясын колдойт

Саясат Загрузка... 11 Июль 2025 12:14
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 11.07.25. /Кабар/. 8-июлда Вена шаарындагы БУУнун Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча уюму менен Кыргызстандын ортосундагы Өлкөлүк өнөктөштүк программасына кол коюлду.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, өлкөлүк өнөктөштүк программасы (ӨӨП) — бул алдыдагы беш жыл ичинде Кыргызстан менен кеңейтилген кызматташуунун негизин түзө турган маанилүү документ болуп саналат.

Кыргызстан менен түзүлгөн ӨӨП жакында бекитилген Кыргызстандын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасына негизделет жана БУУнун Туруктуу өнүктүрүү боюнча кызматташтык алкагы жана анын жаңы ишке ашыруу цикли менен шайкеш келет.

Министрлер кабинетинин жетекчилиги алдында ишке ашуучу бул программа ЮНИДОнун кызматтарын макулдашылган негизде ишке ашырууга багытталган стратегиялык алкактык программа болуп саналат жана өлкөнүн, ошондой эле узак мөөнөттүү келечекте жалпы аймактын туруктуу өнөр жай жана экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган көп тараптуу өнөктөштүктү өнүктүрөт. Бул аракеттер Кыргызстандын экономикасын ар тараптуу, атаандаштыкка жөндөмдүү, инклюзивдүү жана туруктуу трансформациялоого өбөлгө болот.

Программада белгиленген амбициялуу максаттарга жетүү үчүн ЮНИДО менен министрлер кабинети биргеликте бир катар флагмандык демилгелерди иштеп чыгууда жана пилоттук тартипте ишке ашырууда. Ага балык чарбасы жана аквакультура, агроөнөр жай, санариптик өнүгүү, акылдуу шаарлар жана кайра жаралуучу энергия сыяктуу маанилүү тармактар кирет.

ӨӨПкө кол коюу аземинин алдында өткөн Вена шаарында Кыргызстан эл аралык өнөктөштөрдү аталган программанын алкагындагы долбоорлорду ишке ашырууну колдоого жана Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына (ТӨМ) жетүүгө биргелешип салым кошууга чакырды.