Ысык-Көлдүн аймагында 41 миңден ашык суур катталды

Коом Жүктөлүүдө... 10 Июль 2026 09:30
743425235_1339402118282148_1351877748503123783_n.jpg
743673570_1041501101589211_4556750427812014191_n.jpg
742880453_27102190209463998_7319903295065066970_n.jpg
Алдыга
Артка
743425235_1339402118282148_1351877748503123783_n.jpg
743673570_1041501101589211_4556750427812014191_n.jpg
742880453_27102190209463998_7319903295065066970_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 10.07.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда суурлардын санын эсепке алуу иштери жыйынтыкталып, аймакта жалпысынан 41 миң 286 баш суур катталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, санакты министрликтин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы жүргүздү. Анын алкагында белгиленген маршруттар боюнча талаа байкоолору уюштурулуп, жапайы жаныбарлардын саны жана алардын жашоо чөйрөсү боюнча маалыматтар топтолду.

Белгиленгендей, суурларды эсепке алуу иштери жапайы жаныбарлардын санын аныктоо боюнча бекитилген нускамага ылайык жүргүзүлдү.