Ысык-Көлдөн 7300 метр тор жана 130 кг таштанды чыгарылды

Аймак 20 Июль 2026 09:10
WhatsApp Image 2026-07-20 at 05.59.57.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-20 at 05.59.56 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-07-20 at 05.59.56.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-20 at 05.59.46 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-07-20 at 05.59.46 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-07-20 at 05.59.46.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 20.07.26. /Кабар/. Ысык-Көлдө кезектеги рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө көлдүн түбүнөн жана суудан жалпы узундугу 7 300 метрди түзгөн эски синтетикалык торлор чыгарылды.

Мындан тышкары, 130 килограмм тиричилик калдыктары табылып, суудан чыгарылды.

Жаратылыш ресурстары министрлиги Ысык-Көлдүн экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча рейддик жана көзөмөлдөө иш-чаралары мындан ары да үзгүлтүксүз жүргүзүлөрүн белгилейт.