Бишкек, 20.04.26. /Кабар/. Өткөн жумада Ысык-Көл акваториясын тазалоо боюнча ири экологиялык рейд жүрдү. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.
Рейддин жүрүшүндө көлдүн түбүнөн жалпы узундугу 15 миң 800 метрди түзгөн синтетикалык торлор алынды. Ошондой эле жээк жана суу аймагынан 40 кап тиричилик жана өндүрүш калдыктары чыгарылды.

Мындан тышкары, жергиликтүү тургундарга жана эс алуучуларга жаратылышты коргоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Рейд жүргүзүүнүн максаты көлдүн экосистемасын сактоо жана браконьерликке каршы күрөшүү болуп саналат.