Ысык-Көлдөгү стратегиялык жолдордун курулушу боюнча катуу талаптар коюлду

Аймак Загрузка... 16 Июль 2026 14:30
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 16.07.26. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Тариэл Жаныбеков Ысык-Көл облусунда ишке ашырылып жаткан жол куруу жана реконструкциялоо долбоорлорунун жүрүшү менен жеринен таанышты.

Ведомствонун маалыматына караганда, атап айтканда ал Каракол – Эңилчек жолунун 0-38-чакырымы, Ак-Булуң – Токтогул жолунун 0-8-чакырымы, Каракол – Раздольный – Советский – Сыртзавод жолунун 38,5-51-чакырымы, Бозучук – Жыргалаң айылы багытындагы 14,5 чакырымдык тилкесиндеги иштерди текшерди.

Ошондой эле "Жыргалаң" тоо-лыжа курортуна алып баруучу 8,5 чакырым жолду долбоорлоо жана куруу иштеринен кабар алды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында министрдин биринчи орун басары подряддык уюмдарга курулуштун темпин тездетүү, иштерди бекитилген графикке ылайык сапаттуу жүргүзүү жана объектилерди өз мөөнөтүндө пайдаланууга берүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.

Министрлик жол иштеринин сапатын туруктуу көзөмөлдөөнү улантат.