Ысык-Көлдөгү пансионаттар үчүн саркынды сууларды тазалоочу жай курулат

Аймак Загрузка... 05 Июнь 2025 19:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек 05.06.25 /Кабар/. Ысык-Көлдөгү пансионаттар үчүн саркынды сууларды тазалоочу жай, насостук станциялар жана канализациялык коллекторлор курулат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган "Туризмди туруктуу өнүктүрүү максатында Ысык-Көлдүн экологиясын башкаруу» долбоорун ишке ашыруунун алкагында саркынды сууларды тазалоочу жайды жана насостук станцияларды, ошондой эле канализациялык коллекторлорду куруу боюнча подряддык компаниялар менен бүгүн келишимге кол коюлду.

Келишим Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги менен Кытайдын China Road and Bridge Corporation, Tianjin Rong Tai Water Co., Ltd, жана Tianjin Motimo Membrane Technologies Co., Ltd, ошондой эле Түркия менен Өзбекстандын ALCATAS-MESMER биргелешкен ишканасынын ортосунда түзүлдү.

Келишимдин алкагында Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарынын жана ага жакын жайгашкан Бостери, Кара-Ой жана Бактуу-Долоноту айылдарында жайгашкан бардык пансионаттар бир тутумдуу канализация системасы менен камсыз болот.