Жети-Өгүз районунун Жалгыз-Өрүк айылынын тургуну Чыңгыз Эсенгул уулу үйүнүн короосунда чакан трактор кураган устакана иштетет. Анын айтымында, ага устачылык өнөр атасынан өткөн. Атасы Советтер союзу учурунда колхоздо, андан кийин Кумтөрдө дагы механик болуп иштеген.
Чыңгыз Эсенгул уулунун айтымында, 4-5 жылдын ичинде 6-7 чакан тракторду курап, саткан. Учурда кардарлардын саны көбөйүп жатат. Техниканы куроо үчүн "Жигули" жана трактордун шаймандары керектелет.