Бишкек, 08.07.26. /Кабар/. Адистер Ысык-Көл облусунда курулуп жаткан жолдордун сапатына текшерүү жүргүздү.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, алар атайын көчмө текшерүүнүн алкагында облустагы Семетей жана Сары-Жаз унаа жолдорунун жаңы басылган асфальт-бетондун үлгүсүн алышты.
"Алынган үлгүлөр атайын сыноо лабораториясына жөнөтүлдү. Ал жерден асфальттын физикалык-механикалык көрсөткүчтөрү, курулуш ченемдерине жана мамлекеттик стандарттарга шайкештиги кылдат текшерилет", - деп айтылат маалыматта.
Министрлик өлкө аймагында жол салууда долбоорлордун бардык баскычтарында коопсуздук талаптарынын жана сапат стандарттарынын сакталышын туруктуу негизде көзөмөлдөп келерин баса белгилейт.