Ысык-Көлдө VII кыргыз-россия экономикалык форуму башталды

Экономика 14 август 2025 10:34
Ысык-Көлдө VII кыргыз-россия экономикалык форуму башталды
copyright icon Кабар

Чолпон-Ата, 14.08.25. /Кабар/. Ысык-Көлдө бүгүн, 14-августта VII кыргыз-россия экономикалык форуму башталды.

Иш-чараны Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) уюштурууда.

Белгилей кетсек, форумга 800гө жакын делегат катышууда. Алардын арасында Кыргызстандын, Россиянын жана Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү, аймактардын жетекчилери, эки өлкөнүн ири финансылык уюмдарынын жана бизнес-түзүмдөрүнүн өкүлдөрү бар.

Ошондой эле ишкердик күн тартибинде Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун сессиясы да өзгөчө орунду ээлейт.