Ысык-көлдө сууга чөгүү кырсыктарынын алдын алуу боюнча рейддер өтүүдө

Аймак Загрузка... 12 Июль 2026 13:16
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 12.07.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жайкы маалда сууга чөгүү кырсыктарынын алдын алуу максатында өспүрүмдөр арасында профилактикалык иш-чаралар күчөтүлдү. Бул тууралуу Ак-облустук милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, жайкы эс алуу мезгили башталгандан бери суу объекттеринде коопсуздукту камсыз кылуу өзгөчө мааниге ээ болууда.

Рейддик иш-чаралардын алкагында милиция кызматкерлери тарабынан төмөнкү иштер аткарылды:

  • Суу жээктериндеги сууга түшүүгө тыюу салынган жана кооптуу аймактарга атайын эскертүүчү баннерлер орнотулду;
  • Жергиликтүү жарандарга, эс алуучуларга жана өспүрүмдөргө суудагы коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү;
  • Суу жээгинде кароосуз жүргөн балдарды аныктоо боюнча текшерүүлөр уюштурулду.

Милиция кызматкерлери коопсуз жайкы эс алуу ар бир жарандын жеке жоопкерчилигинен башталарын эскертет.