Бишкек, 07.08.26. /Кабар/. Ысык-Көлдө Чолпон-Ата шаарын, Бостери, Бактуу-Долоноту, Кара-Ой айылдарын, ошондой эле аларга жакын жайгашкан пансионаттарды, курорттук объектилерди жана башка аймактарды тейлей турган заманбап тазалоочу курулманын курулушу уланууда. Бул тууралуу пресс-турда Курулуш министрлигине караштуу тазалоочу курулманы куруу долбоорунун жетекчиси Аскар Токтошев билдирди.
Анын айтымында, курулма суткасына 14,2 миң куб метр саркынды сууну тазалоого ылайыкталган. Ал болжол менен 100 миң адамды тейлөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Долбоордун башкы подрядчысы — кытайлык China Road and Bridge Corporation компаниясы. Токтошевдин маалыматына ылайык, курулуш иштери белгиленген графиктен болжол менен эки ай алдыда жүрүүдө.
"План боюнча объекттин курулушу 2027-жылдын 25-июлунда аякташы керек болчу. Бирок подрядчы иштерди 2027-жылдын апрель айында, туристтик сезон башталганга чейин бүтүрүүнү көздөп жатат", – деди ал.
Долбоордун жалпы наркы 64,9 млн долларды түзөт. Каржылоо Азия өнүктүрүү банкынын каражатынын эсебинен жүргүзүлүүдө. Учурда курулуш иштеринин болжол менен 50 пайызы аяктады.

"Курулуш аяктагандан кийин тазалоочу курулмага аны тейлөө аймагында жайгашкан бардык пансионаттар, курорттук объектилер жана башка имараттарды кошуу пландалууда", – деди Токтошев.
Ал белгилегендей, долбоордун өзгөчөлүгү – саркынды сууларды биологиялык жол менен тазалоо технологиясынын киргизилиши болот. Буга чейин иштеп келген тазалоочу жайлар механикалык гана тазалоону камсыз кылса, жаңы объект ишке киргенден кийин сууну тазалоо деңгээли 98 пайызга жетет.

Ошондой эле тазаланган суу жана тазалоо процессинде пайда болгон чөкмөлөр айыл чарбасында – айдоо аянттарын сугарууда жана жер семирткич катары пайдаланылат.