Ысык-Көлдө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн кыздын агасы болом деп маек берген жаран кармалды

Укук тартиби 1 октябрь 2025 10:40
556588188_4121652971496511_495267357453639359_n.jpg
WhatsApp Image 2025-10-01 at 10.33.09.jpeg
WhatsApp Image 2025-10-01 at 10.33.09 (1).jpeg
555943265_4121653051496503_2223058167424004536_n.jpg
Алдыга
Артка
556588188_4121652971496511_495267357453639359_n.jpg
WhatsApp Image 2025-10-01 at 10.33.09.jpeg
WhatsApp Image 2025-10-01 at 10.33.09 (1).jpeg
555943265_4121653051496503_2223058167424004536_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon ИИМдин басма сөз кызматы

Бишкек, 01.10.25. /Кабар/. Жашы жете элек кызды издөө үч күндөн кийин гана башталат, деген милиция кызматкерине карата маалымат таратуу фактысы боюнча жүргүзүлүп жаткан кызматтык иликтөөнүн алкагында, жалган маалыматка тиешеси бар жаран аныкталды.

ИИМден билдиришкендей, ал 2002-жылы туулган Нарынбек уулу Сыймык аттуу жаран болуп чыкты. Бул жаран маркумдун тууганы эмес. Буга чейин ал уурулук жана алдамчылык жасоого шектелип, жоопкерчиликке тартылган. Чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратуу менен ал коомчулукту адаштырган жана жабырлануучунун үй-бүлөсүнө жана жагдайларына эч кандай тиешеси жок.

Ошол эле учурда аталган жаран кылмыш тууралуу чындыкка дал келбеген ойдон чыгарылган маалыматтарды таратып, коомдогу чыңалууну гана күчөткөнү аныкталды.

Учурда Нарынбек уулу Сыймык Ысык-Көл ОИИБдин тергөө кызматына жеткирилди. Анын иш-аракеттерине тиешелүү укуктук баа берилет.

ИИМ жарандарды министрликтин расмий булактары аркылуу жарыяланган маалыматтарды гана алууга жана ишенүүгө чакырат.