Ысык-Көлдө кичи футбол аянтынын курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды

Аймак 22 август 2025 12:45
537406340_18076072004068772_706668052348567524_n.jpg
1.jpg
536668139_18076071995068772_7825429221500048425_n.jpg
Алдыга
Артка
537406340_18076072004068772_706668052348567524_n.jpg
1.jpg
536668139_18076071995068772_7825429221500048425_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 22.08.25. /Кабар/. Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр кичи футбол аянтынын курлушунда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Футбол аянтынын курулушуна жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эсебинен 3 млн 181 миң сом бөлүнгөн.

Текшерүү учурунда долбоорго мамлекеттик экспертиза жүргүзүлбөгөндүгү, курулушка уруксат берилбегендиги, объект реестрде жок экендиги жана мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролдоо департаментинен өтпөгөндүгү аныкталган.

Ошондой эле долбоордук чечимдердин бузулгандыгы, атап айтканда, материалдар алмаштырылып, фундаменттин тереңдиги азайтылгандыгы жана конструкцияда кемчиликтер аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү жактарга юридикалык баа берүү үчүн керектүу материалдары укук коргоо органдарына өткөрүп берүү чечими кабыл алынды.