Ысык-Көлдө Финансы министрлигинин жаңы пансионаты курула баштады

Аймак Загрузка... 23 Сентябрь 2025 16:43
copyright icon Президенттин Иш башкармалыгы

Бишкек, 23.09.25. /Кабар/. Бүгүн Тоң районундагы Ак-Булуң айылында Финансы министрлигинин жаңы пансионатынын курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, курулушка капсула салуу аземине башкармалыктын башчысы Каныбек Туманбаев жана финансы министри Алмаз Бакетаев катышты.

Жалпы аянты 15 гектарды түзгөн пансионаттын аймагында бир катар ири объекттер курулат. Анын ичинде:

  • 248 орундуу, 8 кабаттуу мейманкана комплекси;
  • административдик имарат;
  • кызматкерлер үчүн жатаканалар;
  • VIP-коттедждер жана таунхаустар;
  • спорт комплекси жана кафе-ресторан;
  • эс алуу жана спорттук аянтчалар, бассейндер, пирс, пляж жана башка кошумча инфратүзүмдөр кирет.

Пансионат Финансы министрлигинин кызматкерлери үчүн гана эмес, жалпы жарандар үчүн да жеткиликтүү болуп, аймактагы туризмдин жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жаңы борборуна айланат.