Ысык-Көлдө эс алуучу жайга алып баруучу жол толук жарыктандырылды

Аймак Жүктөлүүдө... 31 Июль 2026 09:25
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 31.07.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусундагы "Чайка" эс алуу жайына алып баруучу жолдо сырткы жарыктандыруу системасы толугу менен орнотулуп, пайдаланууга берилди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, буга чейин мамлекеттик каражаттын эсебинен аталган жол жаңыланып, асфальт төшөлүп жана жөө адамдар үчүн тротуар курулган.

Белгиленгендей, жолду жаңылоо жана жарыктандыруу иштери президенттин колдоосу менен ишке ашырылды.