Ысык-Көлгө куйган дарыяларга 582 миң форель чабагы кое берилди

Аймак Загрузка... 13 Март 2026 10:45
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 13.03.26. /Кабар/. Ысык-Көлгө куйган дарыяларга 582 миң форель балыгынын чабагы кое берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, чабактар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:

  • Ак-Терек суусуна – 80 миң даана;
  • Тоң суусуна – 150 миң даана;
  • Кекилик суусу – 50 миң даана;
  • Тамга суусу – 50 миң даана;
  • Жети-Өгүз дарыясына – 50 миң даана;
  • Каракол суусу – 50 миң даана;
  • Кара-Суу – 32 миң даана;
  • Жыргалаң дарыясына – 60 миң даана;
  • Түп дарыясына – 60 миң даана.