Бишкек, 25.06.26. /Кабар/. Күн мурун Балык өнөр жайы комплекси департаментинин Тоң районундагы бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ысык-Көлгө карп-сазан балыгынын чабактары коё берилди.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, жалпысынан 9 млн 300 миң икра алынып, андан 3 млн 700 миң чабак ийгиликтүү өстүрүлгөн.
Алар Ысык-Көлдүн төмөнкү балык уулоо тилкелерине коё берилди:
- 13-участокко – 1,5 млн;
- 15-участокко – 1 млн;
- 17-участокко – 1,2 млн.
Мындан тышкары, дагы 1 млн даана балык учурда Тоң балык чарбасынын атайын көлмөлөрүндө багылууда. Алар үстүбүздөгү жылдын күз мезгилинде Ысык-Көлгө коё берилери пландалууда.