Бишкек, 30.03.26. /Кабар/. Ысык-Көлгө 3 млн даана чабак коё берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун маалыматы боюнча, Балык өнөр жайы комплекси департаментинин Тоң районундагы Регионалдык аклиматташтыруу жана балык өндүрүү-өстүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан көлгө май-канат (сиг-лудога) балыгынын чабактары салынды.
Бул иш-чара Туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери, Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун илимий адистери, Тоң райондук ветеринардык башкармалыгынын кызматкерлери, ошондой эле жергиликтүү калктын катышуусунда өткөрүлдү.
Анда жалпысынан 3 млн даана май-канат (сиг-лудога) балыгынын чабактары Ысык-Көлдү балыктандыруу максатында бир катар тилкелерге коё берилди:
- 18-тилке — 500 миң даана;
- 7-тилке — 500 миң даана;
- 13-тилке — 1 млн даана;
- 40-тилке — 1 млн даана.