Бишкек, 20.08.25. /Кабар/. Эки күн ичинде Ысык-Көлдүн жээгиндеги таштандыларга байланышкан бир катар учурлар аныкталып, жалпы 320 миң сом өлчөмүндө айып салынды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, өкүлчүлүктүн атайын чечими менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, экологиялык милициянын, экотехинспекциянын жана башка тиешелүү кызматтардын адистеринен турган ыкчам топторду түздү. Алар жээкте тынымсыз рейддик иш-чараларды өткөрүүдө.
Көлдүн жээгиндеги таштандыларга толгон 14 тилке аныкталды. 63 протокол жана 49 акт түзүлүп, Укук бузуулар кодексине ылайык, жалпы 320 миң сом айып салынды.
Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, президент Садыр Жапаровдун жарыялаган акыркы видеокадрлары Ысык-Көлдүн жээгиндеги абалдын чыныгы кейиштүү көрүнүшүн ачып көрсөттү. Айрым эс алуучулар көлдү барктабастан, таштандыларга толтуруп, жээкти булгап жатат. Бул көрүнүш эс алуу маданиятынын өтө төмөн экендигин айкын далилдеди.
Мындан улам өкүлчүлүк эс алуучуларды жана тургундарды Ысык-Көлдү сыйлоого чакырат.
“Ар бирибиз эс алып бүткөн соң өз таштандыбызды жыйнап кетсек, көл таза бойдон сакталат. Ысык-Көлдү булгап, таштанды таштагандарга катуу чаралар көрүлө берет. Жаратылыш бизге ыраазы болсун десек, колубуз менен топтогон таштандыбызды таштанды челекке жеткирүү кыйын деле эмес. Ысык-Көл — биздин урпактарга кала турган мурас”, - деп кошумчалашты өкүлчүлүктөн.