Ысык-Көлдүн жээгинде 5 жылдыздуу жаңы мейманкана ачылды

Президент 31 Июль 2026 18:50
763080590_1572587700933666_1793813831936844236_n.jpg
757534094_1978376799483176_8377358482798024046_n.jpg
759664128_1022383567355604_8275654657142755540_n.jpg
760343551_885016140934234_3748514326779742915_n.jpg
760503211_2100288717238445_6266177508851904165_n.jpg
760895115_2125289715086058_5430003281656860363_n.jpg
761355103_841430395586966_5430453839875148916_n.jpg
761376455_1049036784761682_7265324443383070945_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 31.07.26 /Кабар/. Бүгүн, 31-июлда президент Садыр Жапаров Азербайжан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын мамлекет башчылары менен бирге Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан Baku Resort & Spa беш жылдыздуу мейманканасынын расмий ачылыш аземине катышты.

Мамлекет башчылары мейманкананын негизги инфраструктуралык объектилерин көрүп чыгып, анын функционалдык мүмкүнчүлүктөрү, жайгаштыруу шарттары, ошондой эле ишкердик, маданий жана ден соолукту чыңдоо иш-чараларын өткөрүү үчүн түзүлгөн инфраструктурасы менен таанышышты.

Долбоордун ишке ашырылышы кыргыз-азербайжан инвестициялык кызматташтыгынын жыйынтыгы экени белгиленип, ал Ысык-Көл облусунун туристтик потенциалын мындан ары өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, инвестицияларды тартууга жана эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзөрү айтылды.

Baku Resort & Spa - Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан заманбап беш жылдыздуу мейманкана комплекси. Курорттун курамына мейманкана, коттедждер, конгресс-холл, ден соолукту чыңдоо борбору, спорттук жана көңүл ачуучу инфраструктура объекттери, ошондой эле көрктөндүрүлгөн жээк аймагы кирет. Комплекс жыл бою конокторду кабыл алууга, ошондой эле эл аралык, ишкердик жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкташтырылган.