Ысык-Көлдүн түндүк жээгиндеги мелтиреген жол. Облустун өнүгүшүнө түзүлүп жаткан шарттар

Аймак Загрузка... 31 Июль 2025 18:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көл жайкысын да, кышкысын да эс алуучуларды кулачын кенен жайып тосуп алат. Туристтердин келишине ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн алгач жолду реконструкциялоо маселеси турган. Буга байланыштуу учурда “Ысык-Көл айланма жолу” долбоорун ишке ашыруу улантылууда.

WhatsApp Image 2025-07-31 at 17.45.36.jpeg

“Ысык-Көл айланма жолу” долбоорунун алкагында узундугу 104 чакырымга созулган Балыкчы – Тамчы– Чолпон-Ата – Корумду тилкесине асфальт тɵшɵɵ иштери толугу менен аяктады. Жолду салууга каражат мамлекеттик бюджеттин эсебинен бөлүнгөн. Атап айтсак, Чолпон-Атанын борбордук көчөсүндө 100дөн ашык суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу, жол четинде лотокторду жана бордюр таштарды коюу, аялдамаларды жана жолдун эки тарабына унаа токтотуучу жайлар менен тротуар куруу, 2 көпүрөнү оңдоо иштери толук жыйынтыкталды. Ошондой эле жарыктандыруу жумуштары аткарылды.

WhatsApp Image 2025-07-31 at 17.45.36 (1).jpeg

Жол оңдоо иштери “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасы жана “Чайна Роуд энд Бридж Корпорейшн” компаниясы тарабынан жүргүзүлдү.

“Кабар” агенттигине президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Данияр Арпачиев билдиргендей, жолдун реконструкцияланышы жалпы облустун өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет. Көлдү айланта жолдун салынып жатканы тургундарга жана туристтерге да ыңгайлуу шарттарды түзүүдө.

WhatsApp Image 2025-07-31 at 18.26.38.jpeg

“Облусубуздун түндүк жээгиндеги жалпы узундугу 184 чакырымга созулган жол кеңейтилип, төрт тилкелүү болуп жатат. Жарыктандыруу, тротуар, жаңы аялдамаларды куруу иштери да каралган. Муну менен облустагы жол маселеси бир кыйла чечилип калды. Чолпон-Ата шаарынын борбордук көчөсүндө эс алуу маалында унаа тыгыны жаралып, ыңгайсыздыктар жаралчу. Көлгө туристтер жайы-кышы дебей агылгандыктан, инфраструктураларды жакшыртуу боюнча облустагы иштерибизди уланта беребиз”, - деди облус жетекчисинин орун басары.

WhatsApp Image 2025-07-31 at 17.45.36 (4).jpeg

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Ислам өнүктүрүү банкынын долбоорлорун ишке ашыруу тобунун социолог-экологу Мухаммед Төрөбеков “Кабар” агенттигине маалымдагандай, Ысык-Көл айланма жолунун 104-184-чакырым аралыгындагы Корумду – Балбай баатыр тилкесиндеги жол куруу иштери 2024-жылдын 1-апрелинде башталган. Бул жолду салуу үчүн башкы подрядчы болуп, тендердин жыйынтыгы менен “Чайна Роуд энд Бридж Корпорейшн” компаниясы тандалып алынган. Жолдун жалпы узундугу 80 чакырымды түзөт. Бүгүнкү күнгө чейин жолдун 65 чакырымында тазалоо иштери жүрдү.

WhatsApp Image 2025-07-31 at 18.25.22 (1).jpeg

“Учурда иштер кызуу жүруп жатат. Жергиликтүү бийликтин жардамы менен жолдун жээгиндеги курулуштар, бак-дарактар, жер тилкелери тазаланып бүттү. Бүгүнкү күндө 16 миң 600 даана терек кыйылды. Анткени жол мурда 3-категориядагы 2 тилкелүү жол болсо, азыр жаңы жол 2-категориядагы 4 тилкелүү жол болот. Ошондой эле жолдун көл тарап жагына 80 чакырымдык веложол салынат. Ал эми жолдун ортосу темир тосмолор менен тосулат. Жолдун эки тарабына тең тротуар, жарыктандыруу системалары орнотулат”, - деди ал.

WhatsApp Image 2025-07-31 at 18.25.22.jpeg

Мындан тышкары, Мухаммед Төрөбеков белгилегендей, 14 көпүрө курулат. Семеновка жана Григорьевка айылдарынын тушунда жер астында жөө адамдар өтө турган эки өтмөк курулат. Азыр 35 жерде суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу иштери жүрүп жатат, буга чейин 179 жерге суу түтүктɵрү орнотулган.

“Азыр 80 чакырымга созулган жолдун тилкелерин бөлүк-бөлүккө бөлүп асфальттап жатабыз. Ушу тапта 35-37 чакырымга асфальт төшөлүп бүттү. 2025-жылдын аягына чейин жолдун 50 чакырымы асфальтталат деп пландалууда. Эки катмар асфальттын калыңдыгы 15 сантиметрди түзөт”, - дейт адис.

WhatsApp Image 2025-08-01 at 09.48.13.jpeg

Ошондой эле жол жээгин жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт, кыйылган бир дарактын ордуна үч көчөт тигилет. Муну менен катар калктуу конуштарда аялдамалар, эс алуу зонасы бар унаа токтотуучу жайлар курулат.