Ысык-Көлдүн өрүгү чет өлкөлөргө экспорттолууда

Экономика 16 июль 2025 15:35
d2df87b4-d271-4925-b4e3-eb366e368d4d.jpg
ffa23a5b-ca14-4442-8a7e-0f76962bbbe6.jpg
996f7bd5-329a-41da-ba87-9e73f438fd15.jpg
Алдыга
Артка
d2df87b4-d271-4925-b4e3-eb366e368d4d.jpg
ffa23a5b-ca14-4442-8a7e-0f76962bbbe6.jpg
996f7bd5-329a-41da-ba87-9e73f438fd15.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 16.07.25. /Кабар/. Жети-Өгүз районунда өрүктүн эрте бышкан сорттору чет өлкөлөргө экспорттолууда.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, өрүк көбүнчө Россия жана Казакстанга экспорттолуп жатат. Алармандар жүк ташуучу унаалары менен келип, жергиликтүүлөрдүн түшүмүн ыңгайлуу баада сатып алышууда.

Жергиликтүү тургундар жаңы бышкан өрүктүн баасы 30 сомдон 45 сомго чейин сатылып жаткандыгын билдиришти. Бул райондун тургундары үчүн ыңгайлуу баа дешет алар. Себеби, өткөн жылдары өрүктүн баасы 20 сомго чыкпай калган учурлар болгон.

Ак-Терек айылынын тургунунун айтымында, быйыл түшүм мол жана алармандар жетиштүү. "Жакын арада өрүктүн бал даамдуу "королева" түрү да быша баштайт", - деди ал.