Ысык-Көлдөн дагы 1200 метр синтетикалык тор чыгарылды

Аймак 635 20 Апрель 2026 09:55
674125579_950342220952241_4968291095637284983_n.jpg
674214140_950342304285566_6819247860994241076_n.jpg
677798806_950342264285570_2428822688635265933_n.jpg
677895589_950342277618902_1078547234416264003_n.jpg
677920372_950342340952229_810280703396649491_n.jpg
677928077_950342377618892_8996361421670432339_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 20.04.26. /Кабар/. 19-апрелде Ысык-Көлдө браконьерликке каршы кезектеги рейд өттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Рейддин жүрүшүндө инспекторлор тарабынан Ысык-Көлдөн жалпы узундугу 1200 метрди түзгөн эски синтетикалык тор табылып, суудан чыгарылды.

"Учурда бул багыттагы иштер улантылып, мыйзамсыз балык уулоого каршы күрөш күчөтүлүүдө. Тиешелүү чаралар көрүлүп, күнөөлүү жактар аныкталууда", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, иш-чара президенттин жарлыгын аткаруунун алкагында уюштурулуп, көлдүн акваториясында мыйзамсыз балык уулоого каршы багытталды.