Ысык-Көлдөн үч күндө 6800 метр эски тор чыгарылды

Коом 160 14 Август 2026 09:30
681488832_954455953874201_8459383759963046566_n.jpg
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 14.08.26. /Кабар/. Ысык-Көлдүн акваториясынан үч күндө 6800 метр эски синтетикалык тор жана 140 кг таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ал эми жыл башынан бери Ысык-Көлдүн акваториясынан 24 300 метр синтетикалык тор жана 650 кг таштанды чыгарылган.

Рейддик иш-чаралар мыйзамсыз коюлган торлорду аныктоо жана алып чыгуу, көлдүн экологиялык абалын жакшыртуу, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо максатында жүргүзүлүүдө.

Министрликтин маалыматына караганда, Ысык-Көлдүн экосистемасын жана биологиялык ресурстарын коргоого багытталган рейддер мындан ары да улантылат.