Жакында Ысык-Көлдө күнүнө 25-30 миң кирпич чыгарган ишкана ачылат

Аймак Загрузка... 01 Август 2025 18:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 01.08.25. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Булан-Сөгөттү айылында курулган “Кум-Бел” кирпич заводу эгемендүүлүк күнүнө карата ишке берилет. Бул тууралуу аталган заводдун жетекчиси Чыңгыз Токтомамбетов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

WhatsApp Image 2025-08-01 at 17.54.41 (3).jpeg

Анын айтымында, заводду куруп, ишке берүүгө сарпталган 900 миң доллар жеке ишкерлердин өздүк каражатынын эсебинен жумшалган.

WhatsApp Image 2025-08-01 at 17.54.41 (1).jpeg

“Заводдогу кирпич чыгаруучу негизги жабдыктар Кытайдан, кошумча Өзбекстандан алынган. Учурда ишканада 95-98 пайыз иштер бүтүп калды. Жабдуулар жаңы алынгандыктан сыноодон өткөрүлүп, ишке берүүгө акыркы даярдыктарды көрүп жатабыз. Буюрса 31-августтан баштап толук кандуу иштеп калабыз деген үмүттөбүз. Завод иш баштаса жергиликтүү калк үчүн орто эсеп менен 50 кишиге жумуш орду түзүлүп, күнүнө 25-30 миң кирпич чыгаруу мерчемделүүдө. Өндүргөн кирпичтер негизинен өзүбүздүн райондо эле сатылып ички керектөөнү камсыздамакчы. Аймак курорттук зона болгондуктан курулуштар көп, кирпичке муктаждык да жогору экенин алдын ала иликтеп туруп ишкананы курдук”,- дейт заводдун жетекчиси.

WhatsApp Image 2025-08-01 at 17.54.40 (1).jpeg

Ошондой эле завод азырынча кирпич чыгараарын бирок, келечекте пескоблок, брусчатка чыгаруу пландалып жатканы кошумчаланды.

“Быйыл, кийинки жылы кирпич чыгаруу менен алектенебиз. Ишти жолго коюп, мыкты өздөштүрүп алган соң, пескоблок, брусчатка чыгарууну караштырабыз. Биздин технологиянын башка кирпич заводдордон айырмасы деле жок, стандарттуу бышкан кирпичтер даярдалат. Белгилей кетсек, биздин өндүрүш эрте жаздан баштап кеч күзгө чейинки мезгилде иштейт. Ушул убакытта 8-10 миллион даана кирпич чыгарабыз деген планыбыз бар”,- дейт ал.

WhatsApp Image 2025-08-01 at 17.53.33 (1).jpeg

Белгилей кетсек, заводдун карьери 14 гектар, ал эми өндүрүштүн өзү 5 гектар жер аянтын ээлейт. Кирпич даярдалуучу Булан-Сөгөттү айылынан казылып алынган чийки зат атайын текшерүүдөн өткөрүлүп сапаттуулугу аныкталган.

Маалым болгондой, аймактын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү заводду курууда жана тиешелүү документтерин даярдоодо көмөк көрсөтүшкөн. Учурда ишканага чейин жол курулуп, 650 КВт кубаттуулуктагы трансформатор орнотулушу менен электр энергиясы жана суу менен камсыздалган.

WhatsApp Image 2025-08-01 at 17.54.40.jpeg

Эскерте кетсек, завод быйыл ишке берилүүчү 128 өндүрүштүн катарына киргендиктен, заводду ишке берүүгө мамлекет тарабынан бардык шарттар түзүлүүдө.