Бишкек, 03.04.25. /Кабар/.Кыргызстанда Ысык-Көлдү айланып өтүүчү темир жол куруунун техникалык-экономикалык долбоору иштелип жатат. Бул тууралуу телеканалардын бирине “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Дастан Усубакунов билдирди.
Анын айтымында, каттам түндүгүнөн Балыкчыдан Тамчы жана Чолпон-Ата аркылуу, ал эми түштүгүнөн Бөкөнбаев аркылуу Караколго чейин созулат. Жол курорттук аймактарды бириктирип, аймактагы транспорттук байланышты жакшыртат.
Усубакунов белгилегендей, долбоорду 5-6 жылда ишке ашыруу пландалууда.