Ысык-Көлдөн 400 метр мыйзамсыз балык уулоочу тор чыгарылды

Аймак 16 Март 2026 08:55
651633120_921798847139912_2704868176033695260_n.jpg
651679753_921798830473247_5256748310196729773_n.jpg
653069291_921798827139914_4445887986795860584_n.jpg
Алдыга
Артка
651633120_921798847139912_2704868176033695260_n.jpg
651679753_921798830473247_5256748310196729773_n.jpg
653069291_921798827139914_4445887986795860584_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 16.03.26. /Кабар/. 13-мартта Ысык-Көлдө кезектеги рейддик иш-чара өттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө 400 метр мыйзамсыз салынган тор табылып, чыгарылды.

"Мыйзамсыз балык уулоочу каражаттар көлдүн экосистемасына олуттуу зыян келтирип, балыктын азайышына алып келет. Мындай мыйзам бузууларды алдын алуу иштери үзгүлтүксүз улантылат", – деп айтылат мекеменин маалыматында.