Миңдеген метр тор, тонналаган таштанды: Ысык-Көлдү тазалоо иштери уланууда

Аймак 402 20 Май 2026 09:00
WhatsApp Image 2026-05-20 at 05.35.19 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-05-20 at 05.35.19.jpeg
WhatsApp Image 2026-05-20 at 05.35.18 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-05-20 at 05.35.18.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-05-20 at 05.35.19 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-05-20 at 05.35.19.jpeg
WhatsApp Image 2026-05-20 at 05.35.18 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-05-20 at 05.35.18.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Экологиялык көзөмөл кызматы

Бишкек, 20.05.26. /Кабар/. Ысык-Көлдө кезектеги экологиялык рейддин алкагында көлдөн 2500 метр мыйзамсыз балык уулоочу тор чыгарылды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, рейддик иш-чаралар 19-майда Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун аймагында жүргүзүлгөн.

Экологиялык көзөмөл кызматы жарандарды мыйзам талаптарын так сактоого жана Ысык-Көлдүн жаратылышына аяр мамиле жасоого чакырат.

Экотехкөзөмөл кызматы жыл башынан бүгүнкү күнгө чейин Ысык-Көл түбүнөн жалпы 26 700 метр синтетикалык тор жана 790 кг таштанды чыгарды.